ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ СТАНЦИЯ
ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ СТА́НЦИЯнци – жердин жасалма жандоочуларынын ж-а космос кемесинин учуусун жерден байкап ж-а башкарып туруучу курулма. Эң жөнөкөй жер үстүндөгү станция – телеберүү сигналдарын кабыл алган спутник антеннасы. Бул антенна космос аппараттарын башкаруу үчүн радиосигналдарды жиберет ж-а кабыл алат. Алынган кабарды компьютерлер иштеп чыгат. Спутник же кеме геотуруктуу орбитада (мында спутник жер бетинин бир эле чекитинин үстүндө жайгашат) турбаган учурда, космостук аппараттар м-н туруктуу байланышты камсыз кылуу үчүн бир нече жер үстүндөгү станцияны орнотуу зарыл. Россия м-н Кытайда жер үстүндөгү катары кемелер пайдаланылат. Иштеп жаткан аппараттарды байкоо алардын радиосигналдары аркылуу ишке ашырылат. Кыймылсыз спутниктер м-н космостук таштандылар оптикалык ж-а радиолокациялык түзүлүштөр (радар) аркылуу көзөмөлдөнөт.