ГРАФИКА 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРА́ФИКА (гр. graphik – линиялуу, түз сызыктуу, grfpho – жазам, тартам) – сүрөт иск-восунун бир түрү. Буга сүрөт, гравюра, литография ж. б. кирет. «Г.» термини алгач жазууга, каллиграфияга карата колдонулган. Тех. каражаттар б-ча Г. сүрөттүн бардык түрлөрүн ичине камтыйт. Г. көп учурда кагазда, башка материалдарда (мис., жибек кездемеде, пергаментте) аткарылат. Мазмуну ж-а милдети б-ча Г. төрткө бөлүнөт: 1) станок Г-сы – өзүнүн мазмунун ачып көрсөтүү үчүн сөзсүз бир адабий текст м-н байланышпаган, аны талап кылбаган, белгилүү бир практикалык милдетти көздөбөгөн өз алдын

В. Г. Рогачёв «Кубаныч». 1967.
А. А. Сгибнев. «Долинка». 1963.

ча чыгармаларды ичине камтыйт; 2) китеп, журнал, гезит Г-сынын адабий же коштоп жүрүүчү тексти бар ж-а аны м-н идеялык65көркөм биримдикти түзөт, ошону м-н бирге бир эле учурда китепти, журналды ж-а башкаларды көркөм жасалгалоого ылайыкташат; 3) плакат Г-сы – сүрөт иск-восунун көркөм каражаттарды пайдалануу м-н саясий үгүт жүргүзүүчү эӊ массалык түрлөрүнүн бири; 4) көркөм өндүрүштүк же күндөлүк колдонулуучу Г. (этикетка, мактоо баракчалары, почта маркалары ж. б.). Живопись м-н скульптурага салыштырмалуу Г. өзүнүн ыкчамдыгы м-н айырмаланат. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында полиграфиянын өсүшүнө ж-а китепке, журналга фотомех. түрдө басууга ылайыктуу, каллиграфиялык жактан даана сызыктуу сүрөттүн кеӊири жайылышына байланыштуу Г. жаӊы мааниге ээ болгон. Ал учурда Г. сызык өнөрү же ак м-н каранын өнөрү деп аталган. Г-да контур сызык, штрих, так, о. эле ак кагаз түсүнө айкалышкан контрасттуу сызыктар да колдонулат. Г. Жанры негизинен мезгилдин эӊ актуалдуу окуяларына чукул кайрылып, ойду ырааттуу ачып бергендиги ж-а тиражынын көптүгү м-н айырмаланат. Тех. жагынан с ү р ө т ж-а б а с м а Г-сы деп бөлүнөт. Г-нын эӊ байыркы түрү – сүрөт; анын башаты аскага түшүрүлгөн байыркы сүрөттөрдөн, антикалык кумура сыяктуу буюмдардагы жазуулардан башталат. Полиграфиянын азыркы өсүшү пайда кылып жаткан мүмкүнчүлүктөр Г. иск-восунун улам жаӊы түрлөрүнүн пайда болушуна шарт түзүүдө. Ал коомдук турмушка активдүү катышуу м-н анда болуп жаткан жаӊы көрүнүштөргө ж-а талаптарга өтө тездик м-н ыӊгайлашат. Г. чыгармалары музейлерде ж-а көргөзмөлөрдө гана көрсөтүүгө багытталбастан, биринчи кезекте массалык аудиторияга гезит, журнал, китеп, атайын альбом, плакат продукциясынын көп түрү, акча бирдиктери, марка, этикетка ж. б. түрүндө таралат. Кыргыз Г. иск-восунун чеберлерине А. Осташев, В. Рогачёв, Б. Жумабаев, А. Турумбеков, О. Абсатаров, А. Касымалиев ж. б. кирет.

helloАд.: Варшавский Л. Р. История графических искусств народов СССР. М., 1960.