ЖЕКЕНДИ
ЖЕКЕНДИ – Ош облусунун Чоң Алай районундагы кыштак. Жекенди айыл округуна караштуу. Кызыл-Суунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2390 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот- Коргон кыштагынан 33 км. Ош темир жол бекетинен 383 км. Кыштак 1924-жылы негизделген. Калкы 1877 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Айылдык оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.