ЖОУЛЬ–ЛЕНЦ ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:50, 22 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖО́УЛЬ–ЛЕНЦ ЗАКОНУ – өткөргүч аркылуу электр тогу өткөндө бөлүнүп чыгуучу жылуу­лук санын (Q) туюнтуучу закон. Ал жылуулук саны ток күчүнүн квадратына, каршылыкка ж-а убакытка түз пропорциялаш: Q=aI2Rt. Про­порциялаштыктын а коэффициенти бирдиктер систе­масын тандоого байланыштуу болот. Эгерде I ампер м-н өлчөнсө, R – Ом, t – секунда м-н туюн­тулат, ал эми а = 0,239 болсо, Q калория м-н, а = 1 болсо, Q джоуль м-н ченелет. Бул законду 1841-жылы англииялык физик Ж. П. Жоуль (Джоуль) ачып, 1842-жылы орус физиги Э. Х. Ленц тактаган.