ГЕРЕЙ-ШОРОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРЕЙ-ШОРОН – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Төөлөс айыл округуна караштуу. Райондун борбору Ноокат ш-нан 32 км түн.-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 15 км. Калкы 2479 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, бала бакча, амбулатория ж. б. бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры А. Сатыбалдиев туулган.