ГЕСТАПО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕСТА́ПО (нем. Gestapo; Geheime Staatspolizei – деген сөздүн кыскарган түрү) – фаш. Германиядагы мамл. жашырын полиция. Фашизмдин саясий каршылаштарын жок кылуу (камоо, кыйноо, өлтүрүү ж. б. жол м-н) максатында 1933-ж. апрелде түзүлгөн. Г-нун концлагерлери м-н түрмөлөрүндө жүз миӊдеген антифашист сотсуз, сураксыз эле өлтүрүлгөн, Германиянын өзүндө да, андан сырткары жерлерде да агенттери болгон. Нацисттик партиянын мүчөлөрүн көзөмөлдөп туруучу атайын бөлүм иштеген. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) фашисттик Германия талкаланганда Германиядагы контролдоочу советтин ¹ 2 мыйзамы м-н жоюлуп, мыйзамдан тышкары деп жарыяланган. Нюрнбергдеги эл аралык согуш трибуналы (1946) аны кылмыштуу уюм деп тапкан.