ЖУВЕЙНИ
ЖУВЕЙНИ, Абул-Музафар Ала ад-Дин Ата Малик ибн Баха ад-Дин Мухаммед ал-Жувейни [(перс. Ebü'l- Muzaffer Alâúdîn Atâ‘ Melik bin Bahâiddîn Muhammed el-Cüveynî) 1226, Хорасан аймагы, Жувейн округу, Азадвар шаары – 5. 03. 1283, Моган (азыркы Азербайжан)] – перс (фарсы) тарыхчысы, мамлекеттик ишмер. Жувейнинин атасы (Баха ад-Дин), чоң атасы (Шамс ад-Дин Мухаммед) селжуктардын (кара: Селжук мамлекети), Хорезм шахтын жана Чыңгыз хандын уулдарынын тушунда министр (сахиб-диван) сыяктуу ж.б. жогорку мамлекеттик кызматтарга чейин жетишкен. Жувейни өзү алгач Хорасан, Мазендаранды бийлеген (1243–1255) Аргундун (Аргун-ака) катчысы болуп (1246–1265), Хулагу хандын (1256–1265) тушунда Багдадды, Абака хандын (1265–1282) тушунда Иракты башкарган жетишкен. Ал 13-кылымдын 50–60-жылдарында – «Тарых-и жахангушай» («Дүйнөнү жеңип алуучунун тарыхы») аталган көлөмдүү эмгек жазып, анда көптөгөн тарыхый даректерге таянуу менен Персияны бийлегендер, Хорезм шахтары жана Чыңгыз хандын тукумунун тарыхын баяндаган. Ошондой эле Орто Азиядагы Сыр-Дарыя, Жети-Суу аймагын жана ал жерлерге тийиштүү Жент, Баласагын, Каялык, Алмалык шаарлары жөнүндө баалуу маалыматтарды берген.
Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении. М.; л., 1939. Т. 1. Бартольд В. В., Джувейни. Соч. Т. 8. М., 1973.