ВАРШАВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРШ́АВА – Польша Респ-нын борбор шаары. Мазовецк воеводдугунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Өлкөнүн башкы саясий, экон., ил., маданий очогу. Калкы 692,7 млн (2019; агломерациясы м-н 3,1 млн). Варшава ойдуӊунда, Висла д-нын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Европадагы эӊ ири жол тоомунун бири, темир жол түйүнү (а. и. Рим – Вена – В. – Гданьск, Москва – В. – Берлин – Лондон, Будапешт – В., 5 темир жол вокзалы бар), 8 шоссе жолу (а. и. Москва – В. – Берлин автомагистралы) өтөт. Эл аралык Окенче аэропорту, 1995-жылдан метрополитен иштейт. Алгач балыкчылар кыштагы катары пайда болуп, кийинчерээк Варшава деген ат м-н соода, кол өнөрчүлүк тургун жайына айланган. 1313-жылдан эскерилет. 1807–14-ж. Варшава княздыгынын, 1815-жылдан Польша хандыгынын борбору. Биринчи ж-а 2-дүйнөлүк согушта Германия аскерлери тарабынан басып алынган. 1918-жылдан Польша Респ-нын борбору,

Старе-Място тарыхый аймагы. 1943-, 1944-жылкы Варшава көтөрүлүшүнүн очогу. 1945-ж. январда сов. ж-а польшалык аскерлер тарабынан бошотулган. Шаардын аймагынын ½ бөлүгүн токой, парктар ж-а суу объектилери ээлейт. Висла д-нын бийик сол жээгинде В-нын тарыхый очогу жайгашкан. Дубалдуу чептер (14–15-к.), 15–18-к-дын турак жайлары, готика стилиндеги костёлдор, сепилдер, сарайлар сакталган. 17–18-к-да Краков көчөсүн бойлой курулуштар курулган. 19-к-дын башынан

Шаардын жаӊы бөлүгү. В-нын жаӊы борбору түптөлүп, соӊку классицизм стилиндеги ансамблдер ж-а кварталдар курулган. Театр аянтында опера, Банк аянтында мамл. комиссия ж-а казынанын имараты ж-а Польша банкы ж. б. жайгашкан. 19-к-дын орто ченинен жаӊы кварталдар салына баштаган. Шаар 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде катуу талкаланган. 1946-ж. реконструкция долбоору б-ча Маршалковский көчөсүнүн аймагында жаӊы борбор Конституция аянты ансамбли м-н жана сарайлар курулган. Борб. вокзал ж-а В-нын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. А. Мицкевчтин, Ю. Понятовскийдин, Н. Коперниктин, Ф. Шопендин (Лазенко паркында), гетто баатырларынын, Советтик Армиянын аскерлеринин мүрзөсүндө мемориалдык ансамбль, «Варшава баатырлары» (1939–45) эстеликтери бар. Польша ИА (1952-ж. негизделген), ил. коом, ил.-из. ин-ттар борбор, 42 ЖОЖ (а. и. 12 мамлекеттик), ун-ттер, католик ж-а христиан диний академиялары, консерватория, калк ж. б. китепканалар, ири музейлер, театрлар, филармония ж. б. иштейт. Эл аралык кинофестиваль (1985-жылдан), жыл сайын «Варшава күзү» муз. фестивалы, Ф. Шопен атн. пианисттер конкурсу (1927, 1949-жылдан 5 жылда бир) өткөрүлүп турат. О. эле эл аралык соода, өнөржай ж. б. көргөзмөлөр өткөрүлүүчү жай. Жыл сайын эл аралык китеп ярмаркалары, «Евробилд», «Компьютер-Экспо», «Шоп-Экспо» көргөзмөлөрү (ири көргөзмө комплекстери – «Мокотув», «Экспо-21» ж. б.), жеӊил атлетика, аялдардын теннис б-ча турнирлери өткөрүлөт. 2002-ж. оор атлетика, 2005-ж. Европанын шахмат б-ча ж. б. чемпионаттары болгон. В. Польшанын ички дүӊ продукциясынын 12,8%ин берет. Ишке жарамдуу калкынын 80,5% тейлөө чөйрөсүндө, 13,9% өнөр жайда, 5,6% курулушта эмгектенет. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Калкынын 21% ил. мекемелерде, 20,2% соодада ж-а калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөдө, 16,9% билим берүүдө, саламаттык сактоодо, 12,1% транспортто, 8,8% финансы-кредит системасынада, 21,0% башка тармактарда эмгектенет. В-да өлкөнүн ири банктарынын штаб-квартиралары (а. и. Польшанын улуттук банкы), негизги камсыздандыруу коомдору, финансы- кредит ишканалары, Варшава баалуу кагаздар биржасы ж. б. жайгашкан. Шаарда 26,2 миӊ өнөр жай ишканасы (2002; шаар айланасындагыны кошкондо 40 миӊ) иштейт. Өнөр жайынын башкы тармактары: машина куруу, металл иштетүү, хим.-фармацевтика, тамак-аш, полигр., тигүү. Электр-тех., радиоэлектроника жабдуулары («Сименс» концернинин «ЗВУТ» телефон жабдуулары, «АББ» концернинин «ЗВАР» жогорку вольттуу аппаратура з-ддору, «РАДВАР» ж-а «ВАРЕЛЬ» аскердик электроника ишканалары ж. б.), так (оптика) ж-а транспорттук машина куруу («ДЭУ» жеӊил автомобиль фирмасы, экскаваторлор, бульдозёрлор ж. б.), жүргүнчү лифтерин чыгаруу ж. б. ишканалары иштейт. Тамак-аш (а. и. эт, сүт, кондитер, жашылча ж-а жемиш иштетүү; шарап-арак, пиво кайнатуу) өндүрүү өнүккөн. Ад.: Медерский Л. А. Варшава. Л., 1967; Молева Н. М. Варшава. М., 1973; Хросцицкий Ю. А., Роттермунд А. Архитектурный атлас Варшавы. Варшава, 1978.