КАЗАК ТИЛИ
КАЗАК ТИЛИ – казактардын тили. Казакстан Республикасынын мамлекеттик тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Казак тили түндүк-чыгыш диалектинин негизинде калыптанган. Жазма эстеликтери 19-кылымдан башталган. Казак тилинин негизги өзгөчөлүктөрү: жалпы түрк тилдеринен «ч» тыбышынын ордуна «ш» тыбышы (мис., кач – каш), «ш» тыбыштын ордуна «с» тыбышы (мис., кыш – кыс ж. б.); «й», «дж», «с», «ч» тыбыштарынын ордуна «ж» тыбышы (йук – жок, суоz, чоz – жоz) колдонулганы менен айырмаланат. Казак тили адегенде араб, кийин латын алфавитинде болгон. 1940-жылдан орус графикасындагы алфавитке өткөн. Казак тили Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россия мамлекеттеринин айрым аймактарына жана Кытай, Моңголия, Иран, Афганстан, Пакистан, Түркия сыяктуу чет өлкөлөргө тараган. Казак тилинде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 13 миллионго жакын (2009). Морфологиялык жагынан кыргыз тилине окшош. Синтаксистик өзгөчөлүгү боюнча казак тилинде атоочтук жана чакчыл түрмөктөрдүн негизинде уюшулган сүйлөм конструкциялары кеңири колдонулат. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдүн компоненттеринин ортосундагы байланыш чектелген. Казак тилинин лексикалык тутумун жалпы түрк сөздөрүнүн катмары жана аз сандагы араб, тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр түзөт. Совет мезгилде орус жана европалык тилдерден көп сөз кирген. Адабий тили 15–19-кылымда калыптанып, адабий тилинин негиздөөчүсү Абай Кунанбаев болгон.