ЖЫЛУУЛУК ӨТКӨРГҮЧТҮК
ЖЫЛУУЛУК ӨТКӨРГҮЧТҮК – жылуулук энергиясынын нерсенин температурасы жогору бөлүгүнөн температурасы төмөн бөлүгүнө таралуу процесси. Жылуулук өткөргүчтүк – жылуулук берүүнүн бир түрү. Жылуулук берүүнүн башка түрлөрү болгон конвекциялык ж-а нур аркылуу жылуулук алмашуудан Жылуулук өткөргүчтүктүн айырмасы энергиянын бир орундан экинчи орунга атом, молекулалардын кыймылы м-н берилишинде. Изотроптук нерсе үчүн жылуулк өткөргүчтүк Фурье закону м-н аныкталат. Бирдик аянт аркылуу бирдик убакытта өткөн жылуулук агымы q температуранын градиентине түз пропорциялаш q=–λ∆Т/∆х, мында ∆Т⁄∆х– температуранын градиенти, γ – жылуулук өткүрүү коэффициенти, «–» белги жылуулук агымынын ысык бөлүгүнөн муздак бөлүгүнө карай багытталышын көрсөтөт.