ГИДРОМЕЛИОРАЦИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОМЕЛИОРАЦИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ – мелиорация долбоорун түзүүгө зарыл объектилерди (жер бөлүгү, аймак) изилдөө комплекси; гидромелиорациялык курулуштарды (канал, плотина ж. б.) курууда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйындысы. Изилдөөнү адистештирилген уюм жүргүзөт. Ал мелиорация долбоорун, тех., экон. ж-а экол. изилдөөнүн комплекстик иш-чараларын иштеп чыгат. О. эле изилдөөлөр суу ресурстарын баалоодо, аны комплекстүү пайдаланууда да иштелет. Г. и-нүн курамы ж-а мазмуну жер шартынын татаалдыгына, мелиорациянын максатына, объект жайгашкан районду изилдөөгө ж-а долбоорлоо стадиясына көз каранды. Жерди сугарууда же кургатууда Г. и-нүн мааниси чоӊ. Г. и-гө топогр.-геод., гидрол., инж.- геол., жер кыртыш-мелиорациялык, агр.-экон. ж-а маданий тех. изилдөөлөр да кирет.