ИГЕМБЕРДИЕВ Самый­бек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:10, 12 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИГЕМБЕРДИЕВ to ИГЕМБЕРДИЕВ Самый­бек) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИГЕМБЕРДИЕВ (туурасы – Эгембердиев) Самый­бек Абазович (1. 11. 1923-жылы туулган, Нарын облусу, Жум­гал району, Сары-Камыш кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР

(1972) ж-а СССР (1976) мамлекеттик сыйлыктарынын лауре­аты. Москва геологиялык чалгын­доо институтун бүткөн (1952).

Улуу Ата Мекендик согуш­ка катышкан (1942–45). 1952–55-жылдарда Кадамжай, Те­рек кен казуу ишканала­рында участкалык геолог, улук геолог, 1952–59-жылдарда Ка­менский экспедициясында геологиялык партиянын начальни­ги, 1959–75-жылдарда Кыргыз геология башкармалыгынын башкы инженери, начальниги, 1975–89-жылдарда Кыргызстандын геологиялык түзүлүшүн изилдөө, кен байлыктарын издөө, чалгындоо жумуштарын уюштурууга көп жыл жетекчилик кылган, айрыкча сымаптын ири кенин, ошондой эле калай, алтын кендерин ачуу­га ж-а чалгындоого зор эмгек сиңирген. Кыр­гыз ССР геологиялык кызматына эмгек сиңирген кызматкер (1973). Кыргыз ССР Жогорку Советинин (3 жол­ку) депутаты (1975–90). Эки Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.