ГИЛАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИЛАС (Gerasus avium) – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумунун чиелер уруусуна кирүүчү мөмө дарак. Бийикт. 10 мге жетет. Жалбырагы сүйрү, жалбырак сабы узун, мөмөсү сары, кызгылт, кызыл

же кочкул кызыл, даамы таттуу. Мөмөсүндө 6– 7% кант, 0,2–1,1% к-та, 1,41% белок ж-а 79,6% суу болот. Тез өсүп, бат жетилет. Негизинен кыйыштыруу жолу м-н көбөйөт. Нымды ж-а жылуулукту көп керектейт. Европа, Азия, Африка ж-а Америкага кеӊири таралган. Айдалма Г. Түш. Еропада мындан 2000 жыл мурда белгилүү болгон. КМШ өлкөлөрүндө – Закавказье, Түн. Кавказ, Түш. Украина, Молдова ж-а О. Азияда учурайт. Андан компот, кыям, шарап жасалат. Көчөтү 3–5 жылдан кийин мөмө байлайт, ар түбүнөн 150–200 кг түшүм алынат. Кырг-нда «Дрогана жёлтая», «Зорька», «Ленинградская розовая», «Ленинградская чёрная» сорттору өстүрүлөт.