ГИЛОЗОИЗМ
ГИЛОЗОИ́ЗМ (гр. hel | – зат ж-а zo | – тиричилик) – материяны жалпысынан жандуу деп эсептеген филос. окуу. Г. терминин «жандуу» м-н жансыздын ортосундагы чекти танган натурфилософиялык концепцияны (негизинен грек философторун) белгилөө үчүн 1678-ж. англ. философ Р. Кедворт тарабынан киргизилген. Бул агымдын өкүлдөрү жаратылыштагы бардык нерселерде сезүү, туюу, кабылдоо, ойлоо касиеттери бар деп келишкен. Г. мурунку ил.-филос. салты б-ча өзүнүн түпкү тамырынан четтеп, болмуш бул «жашоо» ж-а «болмуш эместер» бул, өлүм деп түшүндүргөн.