ГЛАДИАТОРЛОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛАДИАТОРЛОР (лат. gladiator, gladius – кылыч деген сөздөн) – Байыркы Римдеги амфитеатрлардын ареналарында жекеме-жеке же жырткычтар м-н куралчан кармашуу үчүн атайын машыктырылган кулдар, согуш туткунда-

ры, кылмышкерлер ж. б. адамдар. Г. катаал режимдеги мектептерде машыктырылган (мис., б. з. ч. 74–71-жылдагы кулдар көтөрүлүшүнүн башчысы Спартак машыккан Римдеги, Капуадагы мектептер). Г-дун кармашуулары карапайым калктын (плебс) «нан жана оюн-зоокко» болгон таламдарын канааттандыруу үчүн атайын өткөрүлүп турган. Мындай оюн-зооктор 5-к-дын башынан тартып токтотулган.