ВАСИЛЬЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАС́ИЛЬЕВА Вера Кузьминична (30. 9. 1925-ж. т., Москва) – СССР эл арт. (1986), СССРдин мамл. сыйл. лауреаты (1948, 1951). 1948-ж. Москва театр окуу жайын бүтүргөн. Москва сатира театрында иштеп, лирикалык образдардан баштап,

В. К. Васильева – графиня Альмавива (П. Бомарше. «Алаӊгазар күн же Фигаронун үйлөнүүсү»). бара-бара драмалык ролдорго өткөн: Лиза Синичкина (А. М. Бонди ж-а Д. Т. Ленский, «Лев Гурыч Синичкин»), Ольга Степанова (Н. М. Дьяконова, «Сеп менен үйлөнүү той», СССР мамл. сыйл., 1951), графиня Альмавива (П. Бомарше, «Алаӊгазар күн же Фигаронун үйлөнүүсү»), Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Текшерүүчү»), Вишневская, Домна Пантелевна (А. Н. Островский, «Кирешелүү жай», «Таланттар жана таазим этүүчүлөр»), Эстер (Ж. Кокто, «Касиеттүү желмогуздар») ж. б. Актрисанын аткаруучулук манерасына лиризм, сүйкүмдүүлүк, курч мүнөздүүлүк таандык. «Сибирь жери жөнүндө аӊгеме» «Жашы жетпегендер» ж. б. фильмдерге тартылган. Ад.: Звезды театра сатиры. М., 2002.