ГОБЕЛЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОБЕЛЕ́Н (фр. gobelin) – Париждеги гобелендик деп аталган мануфактурада (1662-ж. негизделген) дубалдарды кооздоо үчүн даярдалган жогорку көркөмдүк сапаттагы, колго токулган килем (к. Шпалер). Боёкчу Гобелендердин ысмынан аталган. Көрүнүктүү Париж Г-и 17-к-да ири сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү (картондор) б-ча иштелип чыккан ж-а татаал көп фигуралуу композицияларды чагылдырышкан. Г-дин мыкты көргөзмөсү Санкт-Петербургдагы Эрмитажда сакталган. Кеӊири мааниде – өндүрүлгөн мезгили,

«Эсфирдин тарыхы» сериясынан гобелен, Ф. Де Труа
картону боюнча. 18-к. Эрмитаж. Санкт-Петербург.

орду, мүнөзүнө карабастан, жогорку көркөм сапаттагы ж-а көбүнчө, татаал көркөм сүрөттөр түшүрүлүп согулган бардык килемдер, материалдар.