ГОВЕРЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОВЕ́РЛА – Украина Карпатынын эӊ бийик жери, Кара-Тоо (Черногора) массивиндеги чоку. Иван Франко обл-нда. Бийикт. 2061 м. Жону томпок, кумпа сымал. Капталдарына бук ж-а ийне жалбырактуу токой, субальп шалбаасы мүнөздүү. Туризм өнүккөн.