ГОМОГАМЕТАЛУУЛУК
ГОМОГАМЕТАЛУУЛУК (гомо... ж-а гамета) – хромосома жыйындысында бир же бир нече жуп бирдей жыныс хромосомасы болгон организмдин жыныс клеткаларынын (гаметаларынын) бирдейлиги, окшоштугу. Сүт эмүүчүлөрдө, балыктарда, кээ бир өсүмдүктөрдө Г. – ургаачы жыныска, ал эми канаттууларда, көпөлөктөрдө ж-а бүлдүркөндүн кээ бир түрлөрүндө Г. эркек жыныска мүнөздүү болот.