ВАТНАЙЁКЮДЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

В́АТНАЙЁКЮДЛЬ В а т н а - Й о к у л ь – Исландиядагы эӊ ири мөӊгү, муздук. Аянты 8538 км2. Муздун басымдуу калыӊд. 600–800 м, эӊ калыӊ жери 1036 м. Айрым мөӊгүлөрдүн этеги Атлантика океанынын жээгине чейин түшөт. В-дан Исландиянын эӊ бийик жери – Хваннадальсхнукюр чокусу (2119 м) көтөрүлүп турат. Мөӊгү басып жаткан жанар тоолор атылганда айрым учурда муз эрип, алаамат суу ташкынын пайда кылат. Түш. четинде Скафтафедль улуттук паркы жайгашкан.