ГОНЧАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОНЧА́Р Олесь (Александр Терентьевич) (3. 4. 1918, Полтава, Суха кыш. – 1995, Киев) – жазуучу, публицист, коомдук ишмер, СССР мамл. сыйл. (1948, 1949). УССР ИАнын академиги (1978), Соц. Эмг. Баатыры (1978). Днепропетровск ун-тин (1946) бүтүргөн. Алгачкы аӊгемелери («Чиелер гүлдөйт», «Иван Мостовой» ж. б.) 1938-ж. жарык көргөн. «Туу көтөрүүчүлөр» үчилтиги («Альп тоолору», 1946; «Көгүлтүр Дунай», 1947; «Алтын Прага», (1948), Ал – «Таврия» (1952), «Перекоп» (1957), «Собор» (1968), «Катуу бороон» (1970) романдарынын автору. «Адам жана курал» (1960) романы үчүн Т. Шевченко атн. сыйл. (1962), «Жылаажын» (1963) романы үчүн Лениндик сыйл. (1964) лауреаты болгон. Г-дын чыгармалары чет тилдерге, а. и. кыргыз тилине которулган. Г. СССР Жогорку Советине (6–8-шайланышынын) депутат, Украина жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы (1959–71) болгон. Эки Ленин, башка ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган. Чыг.: Жылаажын. Ф., 1968; Избранное. М., 1969.
Ад.: Клименик О. Олесь Гончар. К., 1966.