ГРАВИТАЦИЯЛЫК РАДИУС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАВИТАЦИЯЛЫК РА́ДИУС ж а л п ы с а л ы ш т ы р м а л у у л у к т е о р и я с ы н д а – сферадагы айланбаган масса (m) пайда кылган тартылуу күчү чексизге умтулуучу сфера радиусу. Г. р. (rg) нерсенин массасы м-н аныкталат: rg=2Gm/c2, мында G – гравитациялык турактуулук. Жөнөкөй астрофиз. объектилердин Г. р-у алардын өлчөмдөрүнө караганда өтө кичине. Жердики rg0,9 см; Күндүкү rg3 км. Нерсени Г. р. өлчөмүнө чейин кысса, анда алардын тартылуу күчтөрүнүн таасириндеги кысылууну эч кандай сырткы күч токтото албайт. Бул процесс салыштырмалуу (релятивисттик) гравитациялык коллапс (жыйрылуу) деп аталат. Мындай абал массасы өтө чоӊ жарык жылдыздардын өнүгүү эволюциясынын акыркы мезгилинде болот. Гравитациялык коллапста Г. р-туу сферадан сыртка эч бир жарык, эч бир бөлүкчө чыга албайт, rg көлөмүндө экинчи космос ылдамдыгы жарыктын ылдамдыгына барабар болууга тийиш. Мындай асман объектилери кара көӊдөй деп аталат.