ГРАВИТАЦИЯЛЫК СУУ
ГРАВИТАЦИЯЛЫК СУУ – өзүнүн салмагы м-н тоо тектердин жаракалары ж-а көӊдөйчөлөрү аркылуу аккан же сарыккан жер астындагы суу. Г. с. бош болот, ошондуктан аларды сордургучтар (насостор) м-н жер астынан сордуруп алып, өндүрүштө, чарбачылыкта, имараттарды жылытууда, о. эле ичүүдө пайдаланат.