ГЕРЕЙ ДИНАСТИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРЕЙ ДИНАСТИЯСЫ (Г и р е й, К е р е й, К и р е й) – 15–18-к-да Крым хандыгындагы Хажы-Герей (1466-ж. өлгөн) негиздеген династия. 1427-ж. Алтын ордодон бөлүнүп чыгып, өз алдынча Крым хандыгы деп аталган. 1475-жылдан Түркиянын вассалы болуп эсептелинген. 1768–74-ж-дагы орус-түрк согушунан кийин Түркияга көз каранды болуудан калып, 1783-жылдан Россия империясынын курамына кирген. Г. д-нын ири өкүлдөрү: Давлет Г. I (1551–77), Жаныбек Г. II (1610–24, 1628–35), Мухаммед Г. IV (1641–44, 1654–66), Салим Г. I (1670–77, 1684–98, 1702–04) хандык кылышкан. Акыркы ханы Шахин-Г. (1777–83-ж. башкарган) болгон.