ГЕРМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́РМА – 1) антикалык көркөм сүрөт иск-во дүйнөсүндө – байыркы грек кудайы Герместин көкүрөгүнөн өйдө скульптуралык элеси түшүрүлгөн ж-а төмөн жагы түз же куушурулган төрт бурч түркүк. Байыркы Грекияда мындай скульптуралык элестер жолдордун кесилишине орнотулган; 2) скульптуралык портрет ж-а портреттик эстелик формаларынын бири. Бул формага элестин ийиндерин кынтыксыз тике кесүү ж-а анын призма түрүндөгү постамент м-н биригип кетиши мүнөздүү.