ГЕРМА

ГЕ́РМА – 1) антикалык көркөм сүрөт искусство дүйнөсүндө – байыркы грек кудайы Герместин көкүрөгүнөн өйдө скульптуралык элеси түшүрүлгөн жана төмөн жагы түз же куушурулган төрт бурч түркүк. Байыркы Грекияда мындай скульптуралык элестер жолдордун кесилишине орнотулган; 2) скульптуралык портрет жана портреттик эстелик формаларынын бири. Бул формага элестин ийиндерин кынтыксыз тике кесүү жана анын призма түрүндөгү постамент менен биригип кетиши мүнөздүү.
