ГЕРМАНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРМА́НИЙ (Germanium), Ge – элементтердин мезгилдик системасынын IV тобундагы химиялык элемент. Катар номери 32. атмосфералык массасы 72,59. Массалык сандары 70, 72 – 74, 76 болгон туруктуу изотоптору белгилүү. 1871-жылы Д. И. Менделеев өзүнүн мезгилдик законунун негизинде Германийдин негизги касиеттерин алдын ала айтып, ал касиеттери боюнча кремнийге окшош болгондуктан, аны «экасилиций» деп атаган. 1886-жылы немец окумуштуусу К. Винклер бул элементти ачып, өз өлкөсүнүн урматына «германий» деп атаган. Германий жаратылышта таза кездешпейт. Ал минералдарда, нефть сууларында, көмүрдө, өсүмдүктө, балырда болот. Жер кыртышынын 4.10–4%ин (массасы б-ча) түзөт. Германий– металл сымал жалтырак, катуу зат; тыгыздыгы 5,35 г/см3; б. эрүү t 958,5°С; кайноо t 2850°С. Химиялык бирикмелеринде окистенүү даражасы +4 ж-а +2. Кадимки шартта туруктуу, концентраттык күкүрт кислотасында ж-а падыша арагында жай эрийт. Абада 700°Сден жогорку температурада Германий оксидин GeO ж-а кош оксидин GeO2 пайда кылат. Ысытканда галогендер м-н аракеттенип, тиешелүү тетрагалогениддерди берет. 1000°Сде күкүрт м-н аракеттенип, сульфиддерди (GeS, GeS2), суутек м-н Германийдин суутектүү бирикмесин ж-а металлдар м-н германиддерди пайда кылат. Германий түстүү металлургия өнөр жайында GeO оксидин 700°Сге чейин ысытып калыбына келтирүүдөн алынат: GeO + 2H2= 2Ge + 2H2O. Германий жарым өткөргүч катары радиотехникада, куймалардын курамында, линза материалдары катары инфракызыл нурун алууда ж-а электр аспаптарында колдонулат.