ГЕСТАПО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕСТА́ПО (нем. Gestapo; Geheime Staatspolizei – деген сөздүн кыскарган түрү) – фашисттик Германиядагы мамлекеттик жашырын полиция. Фашизмдин саясий каршылаштарын жок кылуу (камоо, кыйноо, өлтүрүү ж. б. жол м-н) максатында 1933-ж. апрелде түзүлгөн. Гестапонун концлагерлери м-н түрмөлөрүндө жүз миӊдеген антифашист сотсуз, сураксыз эле өлтүрүлгөн, Германиянын өзүндө да, андан сырткары жерлерде да агенттери болгон. Нацисттик партиянын мүчөлөрүн көзөмөлдөп туруучу атайын бөлүм иштеген. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) фашисттик Германия талкаланганда Германиядагы контролдоочу советтин № 2 мыйзамы м-н жоюлуп, мыйзамдан тышкары деп жарыяланган. Нюрнбергдеги эл аралык согуш трибуналы (1946) аны кылмыштуу уюм деп тапкан.