ГЕСЬ
ГЕСЬ Михаил Данилович (17. 11. 1938, Украина, Волынь облусу, Горохов району, Диковина кыштагы – 2016) – геология-минералогия илимдеринин доктору (2006). И. Франко атындагы Львовь мамлекеттик университетин бүтүргөн (1960). 1960–76-жылдары Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясында коллектор, геологиялык партиянын улук геологу, начальниги, 1976–88-жылдары Кыргыз ССР ИАнын геология институтундагы тектоника ж-а стратиграфия (кийин геодинамика) лабораториясынын кызматкери, 1988-жылдан башчысы. Гесь – 70 илимий эмгектин, анын ичинде 1 монографиянын, тектоникалык, геология, геодинамика ж-а металлогения боюнча 6 картанын автору. Илимий эмгектери негизинен Теӊир-Тоонун геодинамикасын изилдөөгө арналган.
Эмг.: Стратифицированные и интрузивные образования Киргизии (авторлош), Ф., 1982; Геодинамическая карта СССР (авторлош). Л., 1989.