ГЕТЕРОДИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:52, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕТЕРОДИ́Н (гетеро... ж-а гр. denamis – күч) – транзистордо, жарым өткөргүчтүү диоддо же электрондук лампада колдонулуучу өзү дүүлүгүүчү электр термелгичтүү, кубатуулугу аз генератор. Гетеродин кошумча жыштыктуу термелүүлөрдү пайда кылат, алар жогорку жыштыктуу сырттан келген термелүүлөр м-н кошулганда туруктуу (орто аралык) жыштык пайда болот. Гетеродинде жыштык дайыма туруктуу болуп, амплитудасы кичине гармониялык термелүүгө ээ болууга тийиш. Супер Гетеродиндүү радио кабыл алгычтарда, радиоөлчөөчү түзүлүштөрдө ж. б-да Гетеродин жыштыкты өзгөртүү (аралаштыруу) үчүн колдонулат.