ГИБРАЛТАР КЫСЫГЫ
ГИБРАЛТА́Р КЫСЫГЫ Европа (Пиреней жарым аралынын түштүк чети) м-н Африканы (түндүк-батыш бөлүгү) бөлүп турат. Атлантика океаны м-н Жер Ортолук деӊизди туташтырат. Узундугу 59 км. Туурасы 14–44 км. Эӊ тайыз жери фарватерде (Жер Ортолук деӊиз м-н Атлантика океанынын суу алмашуусу чектелген жерде) 338 м, эӊ тереӊ жери 1181 м. Кысыктын эки жээгинде тоо массивдери жайгашкан; анын түндүгүндөгүсү Гибралтар аскасы, түштүгүндөгүсү Жабал-Муса деп аталат; алар байыркы заманда Геркулес мамылары аталган. Кысык аркылуу агып өткөн деӊиз агымдарынын үстүӊкүсү чыгышты, тереӊдиктегиси батышты карай агат. Кысыктын экономикалык ж-а стратегиялык мааниси зор; ал англиялык Гибралтар чебинин көзөмөлүндө турат. Түндүк жээгинде Гибралтар (британиялык) ж-а Альхесирас (испаниялык), түштүгүндө Танжер (Марокко) порттору жайгашкан.