ГИДРАВЛИКАЛЫК АСПАП
ГИДРАВЛИКАЛЫК АСПАП – гидравликалык кыймыл бергичтүү кол машина. Ал сайлуу бирикмелерди тартуу, тетиктерди пресстеп киргизүү ж-а чыгаруу ж. у. с. жумуштарды аткарат. Гидравликалык аспап поршендүү, ротациялык, винттүү ж. б. кыймылдаткычтар м-н кошо жасалат. Алдыга аракеттенүүчү поршень кыймылдаткычтуу Гидравликалык аспап кеӊири таралган (мис., гидравликалык бурама бурагыч). О. эле өлчөмдүү пневматикалык ж-а электрдик аспаптардан Гидравликалык аспаптын негизги артыкчылыгы – чоӊ күч (момент) алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.