ГИДРОАКУСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОАКУ́СТИКА ( гидро… ж-а акустика) – акустиканын суу астындагы локация, байланыш максатында суу чөйрөсүндөгү (деӊиз, океан ж. б.) үн толкундарынын таралышын үйрөтүүчү бөлүмү. Суу астында үн начар басаӊдагандыктан, абага караганда өтө көп аралыкка тарайт. Мис., 500–2000 Гц жыштык диапазонунда үн суу ичинде 15–20 кмге, ультраүндөр 3–5 кмге таралат. Үндүн таралышына суунун илээшкектигинен тышкары анын рефракциясы (сынышы) ж-а чачырашы тоскоол болот. Бийиктик б-ча Г-лык басымдын өзгөрүшү, Күн таасиринен суу массасынын жылышын ж-а туздуулугунун ар кандайлыгы тереӊдик б-ча суунун касиеттеринин бирдей эместигине алып келип, булар үн рефракциясын пайда кылат. Ушуга байланыштуу үндүн таралуу ылдамдыгы тереӊдикке, суу басымына, темп-рага, жыл ж-а күн мезгилдерине ж. б. себептерге карата өзгөрөт. Г. суу астындагы ж-а суу үстүндөгү объектилерди табуу ж-а классификациялоо, суу астындагы үн байланышы, навигация, суу тереӊдигинде изилдөө ж. б-да колдонулат. Негизги Г-лык каражаттарга гидролокатор, эхолот, гидрофон ж. б. кирет.
Ад.: Бреховских Л. М. Волны в слоистых средах. М., 1957; Подводная акустика//Пер. с англ. Т. 1 – 2. М., 1965–70.