ГИДРОЛИЗ
ГИДРО́ЛИЗ (гидро... ж-а гр. lesis – ажыроо, бөлүнүү) – суу м-н түрдүү заттардын ортосундагы ион алмашуу реакциясы. Гидролиз суу эритмесинде гана эмес, суунун же суу буусунун катуу, суюк же газ түрүндөгү заттар м-н аракеттенишинде да жүрөт. Гидролизге ар түрдүү класстагы химиялык бирикмелер, анын ичинен туздар, углеводдор, белоктор, эфирлер, майлар ж. б. дуушар болот. Суунун ж-а анда эриген заттардын Гидролизи электролиттик диссоциациянын негизинде жүрөт (Н2О=Н++ОН). Гидролиз процессинде суу иондору анда эриген заттардын иондору м-н кошулуп, аз диссоциациялануучу, учуп кетүүчү же начар эрүүчү заттарды пайда кылса, реакция аягына чейин жүрөт. Эгерде начар кислота м-н күчтүү негиздин тузу Гидролизденсе эритмеде негиздик реакция (рН>7) К2СO3+ +HOH KOH+KHCO3, ал эми күчтүү кислота м-н начар негиздин туздарынын эритмелеринде кислоталык реакция (pH<7) жүрөт. Кислотата м-н негиз бирдей санда диссоциацияланса, анда эритмедеги реакция нейтралдуу болот. Күчтүү кислота м-н күчтүү негиздин тузу Гидролизденбейт (pH=7). Начар кислота м-н начар негизден пайда болгон туздун эритмеси толук Гидролизденип, анда начар кислота ж-а начар негиз пайда болот: NH4CN+HOHNH4OH+HCN. Температураны жогорулатуу ж-а эритмелердин концентрациясын азайтуу Гидролиздин даражасын жогорулатат. Гидролиз физиологиялык чоӊ мааниге ээ. Организмдеги полисахарид, белок ж. б. заттарда дайыма Гидролиз жүрүп турат. Жер кыртышынын бир катар геологиялык өзгөрүштөрү ж-а минералдардын пайда болушу, ошондой эле химиялык өнөр жайда глюкоза, этил спирти, фурфурол, самын, глицерин, фенол, алифаттык кислоталарды, майларды ж. б. алуу Гидролиз процессине негизделген.