ГИДРОМЕТАЛЛУРГИЯ
ГИДРОМЕТАЛЛУРГИ́Я (гр. гидро... ж-а металлургия) – кенташтардан, концентраттардан ж-а ар түрдүү өндүрүш калдыктарынан металлдарды бөлүп алуу процесси. Металлдар химиялык реагенттердин эритиндилеринин суулары м-н жуулуп, андан кийин эритиндилерден (мисалы, камдаштыруу, электролиздөө) бөлүнүп алынат. Гидрометаллургия металл өндүрүүдө кеӊири колдонулат.