ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯ СТАНЦИЯСЫ
ГИДРОМЕТЕОРОЛО́ГИЯ СТАНЦИЯСЫ – аба ырайына ж-а дарыя, деӊиз, саз, көл, океандардын режимине гидрологиялык ж-а метеорологиялык байкоолорду жүргүзүүчү мекеме. Максатына жараша материктик, деӊиздик, дарыя, көл ж-а саз Гидрометеорология станциясы болуп бөлүнөт. Гидрометеорология станциясы аныкталган мөөнөттө жалпы бир программа боюнча байкоо жүргүзөт.