ГИДРОМОРФТУУ ТОПУРАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОМОРФТУУ ТОПУРАК (гидро... ж-а гр. мorphе – форма, түзүлүш), туруктуу ашыкча нымдалуунун натыйжасында калыптанат. Микрорельефте узак убакыт суунун токтоп турушунан же жер астындагы суунун деӊгээли 3 м тереӊдикке жетпеген учурда пайда болот, мис., саз топурактары. Г. т-тын негизги өзгөчөлүгү – профилинин түзүлүшүнө глей же чым көӊдүн жыйналышы. Топурактын үстүнкү бетиндеги өсүмдүк калдыктары ашыкча нымдуулуктун натыйжасында өтө жай гуминделет ж-а минералдашат, натыйжада чым көӊ пайда болот. Ашыкча нымдалуу өсүмдүк курамына, алардын калдыктарынын ажыроосуна ж-а мүнөзүнө таасир этет. Анаэробдук шартта окистенүү процесси жай жүрүп, орг. заттар аягына чейин минералдашпайт. Глей – узак, ашыкча нымдалууда калыптанган, орт. тыгыздыктагы боз чопо теги. Мындай жерди мелиорациялап ж-а шорунан арылтып, сазды кургаткандан кийин пайдаланса болот. Г. т. Кырг-ндын аймагында Чүй, Талас, Ош обл-нын өрөөндөрүндө көп кездешет.