ГИДРОХИМИЯ
ГИДРОХИ́МИЯ – жаратылыш сууларынын химиялык курамын ж-а анын айлана-чөйрөдөгү физикалык, химиялык, биологиялык процесстерге байланыштуу өзгөрүүсүн изилдөөчү илим. Жер кыртышындагы минералдарды эритүүчү суунун касиетин, тоо тек, топурак, атмосфералык аба ж-а организмдер м-н аракеттенүүсүнөн болуучу суудагы химиялык процесстерди, гидросферадагы элементтердин миграциясын да изилдейт. Жаратылыш сууларынын белгилүү түрүн – агын суулардын, көлдөрдүн, деӊиз суусунун, жер алдындагы ж-а атмосфералык суулардын химиялык курамын аныктайт. Гидрохимиялык изилдөө үчүн анализдик химиянын түрдүү ыкмалары (спектр анализи, хроматография, полярография) колдонулат. Гидрохимия айрым өтмө илимдердин (петрография, гидрогеология, гидробиология ж. б.) өнүгүшү үчүн, суу м-н камсыз кылуу, сугаруу, кен издөө ж-а минералдык сууларга бальнеологиялык жактан баа берүү ж. б. практикалык иштер үчүн чоӊ мааниге ээ.