ГИДРОЭКОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОЭКОЛО́ГИЯ (гидро..., гр. jikos – үй ж-а ...логия) – экологиянын суу экосистемасын, анын курамын ж-а аракеттенүү закон ченемдүүлүгүн (а. и. суу чөйрөсү м-н анда байыр алган организмдердин өз ара карым-катнашын кошо) изилдеген бир тармагы. Г. суу экосистемасын жалпы изилдесе, анын абиоталык бөлүгүн гидрология, биотасын гидробиология изилдейт. Г. азыркы учурда илим катары калыптануу стадиясында.