ГИДРОЭКОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОЭКОЛО́ГИЯ (гидро..., гр. jikos – үй ж-а ...логия) – экологиянын суу экосистемасын, анын курамын ж-а аракеттенүү закон ченемдүүлүгүн (анын ичинде суу чөйрөсү м-н анда байыр алган организмдердин өз ара карым-катнашын кошо) изилдеген бир тармагы. Гидроэкология суу экосистемасын жалпы изилдесе, анын абиоталык бөлүгүн гидрология, биотасын гидробиология изилдейт. Гидроэкология азыркы учурда илим катары калыптануу стадиясында.