ГИКСОСТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИКСОСТОР – б. з. ч. 1700-ж. ч. Алдыӊкы Азиядан барып, Египетти басып алган азиялык көчмөн уруулар тобу. «Г.» деп египеттиктер адегенде чет жерлик падышаларды («малчылардын башкаруучулары»), кийин ошол топтогу уруулардын баарын атап калышкан. Г-дун чыныгы аталышы белгисиз. Алар Төмөнкү Египетке жайланышып, Аварис деген борборун салышкан. Г. биринчилерден болуп Египетте жылкы өстүрүшүп, кош дөӊгөлөктүү арабаны пайдаланышкан, египет жазуусун жөнөкөйлөштүрүшүп, алфавиттик жазууну киргизишкен. Б. з. ч. 16-к-дын башында Г-дун эзүүсүнө каршы египеттиктердин кыймылы башталып, фараон Яхмос I Аваристи басып алган. Г-дун аман калгандары Палестинага журт которушуп, көчүп кетишкен. Алардын мындан кийинки тагдыры дайынсыз.
Ад.: Новые данные о гиксосском владычестве в Египте//«Вестник древней истории». 1958. ¹ 3.