ГИЛЕЯ
ГИЛЕ́Я (гр. Hуlе – токой) – Түштүк Америкадагы, негизинен Амазонка дарыясынын алабындагы нымдуу тропиктик токой. Көп ярустуулугу, түргө, ошондой эле лиана ж-а эпифиттерге өтө бай болгондугу м-н өзгөчөлөнөт. Терминди 1820-жылы А. Гумбольдт сунуштаган. Гилеяда баалуу дарак өсүмдүктөрү (мисалы, какао, гевея) көп кездешет. Гилея дайыма ысык ж-а нымдуу климаттык шартта өскөндүктөн, биологиялык ритмдин сезондуулугу анча байкалбайт. Кеӊири мааниде бүт континенттердеги нымдуу тропик токойлору Гилея деп аталат.