ГИЛОЗОИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 15 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИЛОЗОИ́ЗМ (гр. hel |􀉟 – зат ж-а zo |􀉟 – тиричилик) – материяны жалпысынан жандуу деп эсептеген философиялык окуу. Гилозоизм терминин «жандуу» м-н жансыздын ортосундагы чекти танган натурфилософиялык концепцияны (негизинен грек философторун) белгилөө үчүн 1678-жылы англиялык философ Р. Кедворт тарабынан киргизилген. Бул агымдын өкүлдөрү жаратылыштагы бардык нерселерде сезүү, туюу, кабылдоо, ойлоо касиеттери бар деп келишкен. Гилозоизм мурунку илимий-философиянын салты боюнча өзүнүн түпкү тамырынан четтеп, болмуш бул «жашоо» ж-а «болмуш эместер» бул, өлүм деп түшүндүргөн.