ГИМЕНЕ́Й (гр. Hymanaios) – байыркы грек жана рим мифологияларында нике Кудайы. Гименей өрүлгөн гүл тизмектери менен кооздолуп, колуна жалындап күйүп турган көсөө кармаган жылаӊач улан түрүндө сүрөттөлгөн. Өтмө мааниде Гименей жубайлар данакери дегенди билдирет.