ГИПОГЕН КЕНДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПОГЕ́Н КЕНДЕРИ (гипо… ж-а genеs – жаралуу), м а г м а т о г е н к е н д е р и, э н д о г е н к е н д е р и – жер кыртышынын түпкүрүндө пайда болгон кендер. Гипоген кендери жер кыртышынын төмөнкү катмарларындагы жогорку басым м-н температура шартында магма эритмелериндеги же газ-буудагы ж-а ысык суу эритмелериндеги минерал заттарынан пайда болот. Ал магма, пегматит, карбонатит, скарн ж-а гидротерм кендери болуп 5 генезистик топко бөлүнөт, к. Магма кендери, Пегматит кендери, Карбонатит кендери, Скарн кендери, Гидротерм кендери.