ГЛАДИАТОРЛОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:01, 22 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛАДИАТОРЛОР (лат. gladiator, gladius – кылыч деген сөздөн) – Байыркы Римдеги амфитеатрлардын ареналарында жекеме-жеке же жырткычтар менен куралчан кармашуу үчүн атайын машыктырылган кулдар, согуш туткундары, кылмышкерлер жана башка адамдар.

Гладиаторлор катаал режимдеги мектептерде машыктырылган (мисалы, биздин заманга чейинки 74–71-жылдагы кулдар көтөрүлүшүнүн башчысы Спартак машыккан Римдеги, Капуадагы мектептер). Гладиаторлордун кармашуулары карапайым калктын (плебс) «нан жана оюн-зоокко» болгон таламдарын канааттандыруу үчүн атайын өткөрүлүп турган. Мындай оюн-зооктор V кылымдын башынан тартып токтотулган.