ГЛИОКСАЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛИОКСА́ЛЬ, к о з у к у л а к а л ь д е г и д и, ОНС–СНО – эӊ жөнөкөй диальдегид. Формалин жыттанган сары кристалл. Балкып эрүү t 15°C, кайноо t 50,4°С. Сууда, спиртте, эфирде жакшы эрийт. Сактаганда (айрыкча бир аз ным болгондо) жеӊил полимерленет. Глиоксалдын касиеттери альдегиддердикине окшош. Абанын таасири м-н К2СО3түн катышуусунда окистенет, Н2О м-н КМnО4түн кычкыл эритмеси м-н кумурска кислотасын, щелочтуу эритмеси м-н козу кулак кислотасын пайда кылат. Глиоксалды катализатордун жардамы м-н калыбына келтирүүдө этиленгликол алынат. Өнөр жайда жез катализаторунун катышуусунда этиленгликолдон суутек молекуласын бөлүп чыгарып, же ацетальдегид м-н параальдегидди НNО3 окистендирүүдөн алынат. Глиоксаль гликол кислотасын, имидазолду, паразин бирикмелерин алууда пайдаланылат. Терини дүүлүктүрөт.