ГЛОБАЛДЫК ЖАӉЫ ТЕКТОНИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛОБАЛДЫК ЖАӉЫ ТЕКТО́НИКА – геологиядагы тектон. теория. Ал б-ча Жердин литосферасы кыймылдуу болгондуктан, б. а. литосфералык плиталардын системасы катары каралып, плиталар бири-бири м-н өз ара аракеттенүүлөрүнөн чек араларды бойлой сейсмдик ж-а тектон. активдүүлүк пайда болот. Океан ортолук кырка тоолорго жакын литосфералык плиталар жер түпкүрүнөн чыккан заттардын эсебинен туш тарапка чоюлуп, чоӊоёт (спрединг). Тереӊдиктеги кобулдарда бир плита экинчи плитанын астына кирип (субдукция), мантияга тереӊдеп сорулуп кетет. Ал эми плиталардын тирешүү ж-а кысылуу зоналарында бүктөлүү түзүлүштөрү (тоолор) пайда болот. Г. ж. т. плиталар тектоникасы, литосфера плиталарынын тектоникасы ж-а плейттектоника деп аталат.