ГЛОБАЛДЫК МОДЕЛДЕШТИРҮҮ
ГЛОБАЛДЫК МОДЕЛДЕШТИРҮҮ – илимдеги Жер шарын дээрлик камтыган, ири масштабдагы социалдык, экономикалык ж-а экологиялык процесстердин моделдерин иштеп чыгууга арналган жаӊы тармак. Дүйнөнүн экономикасынын алгачкы экономикалык-математикалык модели БУУнун тапшырмасы боюнча АКШ экономисти В. Леонтьевдин жетекчилиги астында иштелип чыккан. Анда дүйнө экономикалык 43 сектор боюнча экспорттук-импорттук өз ара байланышы бар 15 регионго бөлүнгөн. Бул моделде бүтүндөй дүйнө жүзүнүн 2000-жылга чейинки өнүгүү келечегинин бир нече варианты анализделген. Мындан тышкары Рим клубунун тапшырмасы боюнча башка моделдер да иштелип чыгууда. Кандай гана глобалдык модель болбосун аны түзүүдө илим м-н техниканын жетишкендиктерин ж-а өнүгүү тенденцияларын эсепке алып, дүйнөдө тынчтыкты ж-а Жердин экосистемасын сактоону эске алуу зарыл.
Т. Ниязов.