ГЛОБАЛИСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛОБАЛИ́СТИКА (лат. globi – шар) – жалпы адамзаттык, жалпы дүйнөлүк көйгөй маселелерди (өз ара байланышта) изилдеген өзгөчө ил. тармак. Негизинен планеталык масштабдын деӊгээлиндеги макросоциалдык системалардын карым-катыштарынан келип чыккан маселелерди чечүү мүмкүнчүлүктөрүн, ар кандай албан алаамат-капсалаӊдарга каршы көрүлгөн жалпы дүйнөлүк иш-чаралардын моделин аныктайт. Жердин чектелген мүмкүнчүлүктөрүн матем. усулдар аркылуу изилдөөдө алынган ил.- теор. тыянактар аркылуу Жер шарынын келечек тагдырын прогноздоо да Г-нын объектисине кирет.